Фатва.kg

Фатва.kg

Русский
Суроо берүү
Бүгүнкү фатвалар - 0
Бардык фатвалар - 122

Матуридилик

Матуридий мазхабынын негиздөөчүсү Абу Мансур Мухаммед бин Махмуд ал – Матуридий 862 - жылы Самарканттагы Матурид кыштагында туулган. 944 – жылы Самаркантта дүйнөдөн кайткан. Улуу ислам аалымы Матуридий боюнча тарыхый маалыматтарда канаттандырарлык маалыматтар жок. Анын өмүр бяны боюнча маалыматтар өтө аз берилген. Көпчүлүк аалымдар Матуридий боюнча эмгек жаратарда анын өмүр баяны жөнүндө маалыматтарды таба албагандыктарын айтышат. Кээ бир изилдөөчүлөр анын өмүр баяны атайын жаап жашырылган деген пикирлерде. Анткени анын доорундагы атактуу ал - Ашарийдин акыйда боюнча пикирлерин жактаган кишилер Матуридинин пикирлерин алдыга чыгаргысы келген эмес дешет. Аалымдар тарабынан Шейхул-Ислам, Имамул-Худа (Туура жолго баштоочу),Раису машаайихи Самарканд (Самарканд шейхтеринин башчысы),Имаму Алис-суннат (Ахли сүннат имамы) Имамул-мутакалимиин (акыйда илими боюнча жол башчы) сыяктуу такма аттары менен да аталып келген. Мындай сый урматка, атак-даңкка ээ болушу анын шариятты жайлтууда тура акыйданы коргоп калууда жана сүннөттү жандандуруудагы аракети менен өз доорунун илимпоздорунан илим жаатында, такыбалыкта, күжүрмөндүктө өйдө турганынын белгиси. Ал кездердерде Самаркандда Абу Ханифанын (р.х) акыйдасын коргоп калууда Даарул-Жузжанийя аттуу билим борбору болгон. Имам Матуриди ошол жерден өнүп өскөн. Устазы Абу Наср ал-Иязиден кийин анын ордуна отуруп, ал борбордун башчысы болгон, кийинчереек бул борбор «Абу Ханифа академиясы» деп аталып калган. Колдогу булактарга таянсак, имам Матуриди өз доорунда атактуу аалымдардан илим алган устаздарын катарлап санаганда Имам Абу Ханифага (р.х) чейин уланат.Имам Матуридин устазы Абу Наср Аязий, анын устазы Абу Бакр Ахмад ал-Гургани, анын устазы Абу Сулайман ал-Гургани, анын устазы Имам Абу Ханифа (р.х) болгон. Абу Ханифанын (р.х) илимдүү шакирттеринин жоон тобунун арасынан өсүп чыккан илимпоз имам Матуриди Имам Аъзамдын (р.х) акыйда боюча жазган «Фыкхул-Акбар» китебиндеги акыйда маселелерди курч далилдер менен чечмелеп, кеңейткенге жетишкен. Имам Матуриди мавараун-нахр аймактарына чейин келген Мутазила, Дахрийя, Санавийя, жана Карамийя сыяктуу туура эмес идеологиядагы диний агымдар менен күрөшүп, өзүнүн өзгөчө чечендик жөндөмдүүлүгү, зиректиги, күчтүү жана таамай далилдери менен талашып тартышууда ар дайым жеңүүчү болуп чыккан. Ошондой эле Имам Матуриди Абул Касым Исхак бин Мухаммад бин Исмаил Ал – Хаким ас – самаркандий, Абул Хасан Али бин Саид ар – рустугфаний Абу Ахмад бин Абу Наср Ахмад бин Аббас ал – иязий, Абу Лайс ал –Бухари, Абу Мухаммад Абдулкарим бин Муса ал –Баздави сыяутуу чоң аалымдарды жетиштирген. Бул аалымдар өздөрүнүн устазы Имам Матуридиге болгон урмат – сыйынан улам Мавараун – нахрда матуридийя мазхабын өз далилдери менен далилдеп, чечмелеп тушундуруп, ал мазхабты жайылтууга аябай эмгектенишкен. Имам Матуриди калам (акыйда), фикх (ислам укугу), усулу фикх (фикх методикасы), мазхабтар тарыхы жана кыраат жааттарында көптөгөн эмгектерди калтырып кеткен. Бирок, анын эмгектеринин көпчүлүгү сакталбай, ошол кездердеги ар кандай басып алуучулук, талап – тоноочулук, апаат – кырсыктардан ж.б.у.с. себептерден улам азыркы кунго чейин жетпей калган. Жоголгон эмгектеринин көбү Мутазила, Хавариж, Ровафиз жана Шийт, Карромия өңдүү агымдарды сындап жазган эмгектери менен фикх жана анын усулу туралуу жазылган эмгектери болчу. Анын эмгектеринен болгону кырктай кол жазмасы болгон «Тавилатул – Куран» жана «Китабу ат – таухид» аттуу китептери азыркы күнгө чейин жеткен, Имам Абу Мансур Матуридинин акыйда мазхабы «Матуридийя» деп аталат. Хижра боюнча 4 - кылымдын башында пайда болгон Матуридийя мазхабы 2-кылымда Имам Абу Ханифа тарабынан түзүлгөн мазхабтын уландысы болуп эсептелет. Акыйда маселеси боюнча Матуридий Имам Азам Абу Ханифанын жолунан кеткен. Матуридинин Абу Ханифанын жолун жолдошу анын атагын чыгарган жана акыйда боюнча башка пикирлерди айткан агымдардан озуп кетишине негиз болгон. Матуридий Ханафинин методун пайдаланып акыйда боюнча фатва берүүдө «акылды» чеги менен колдонот. Ушул өзгөчөлүгү менен ал Ашарий пикирлерден айырмаланат. Ашарийлер «акылды» «накл»[1]дын айланасында гана колдонгон. Матуридий өзүнүн пикирлеринде «акыл» менен «накл»дын ортосундагы жолду тутунат. Ушул методу менен ал диний өкүмдөрдү түшүнүүдө акыл менен наклдын ортосундагы тең салмактуулукту сактап, шариятка каршы келбеген маселелерде акыл аркылуу берилген өкүмдөрдү кабыл аган. Ошондуктан анын пикирлери кеңири таркаган жана жактоочулары да көп. Учурубузда Матуридинин кээ бир атактуу эмгектери сакталып калган. Алар; Тавилатул Куран, Китабут Тавхид, Китабул Макалат ж.б. Матуридинин акыйда боюнча көз караштары Ыйман – Ислам: Матуридий боюнча ыйман – бул, тил менен айтуу жана жүрөк менен тастыктоо. Тил менен айтып, жүрөгү менен тастыктабаган киши момун эмес. Ыйман Алланы бир деп билүү, ал эми ислам Алланы бир деп билгенден кийин ага моюн сунуу. Анын буйруктарын орундатуу. Ыйман келтирген кишини мусулман эмес деп айтуу туура эмес. Исламдын шартын орундатапаган кишини да момун эмес деп айтуу туура эмес. Ыйман жана амал: Матуридий боюнча ыйман менен амал бир эмес. Башкача айтканда ыйман келтирген киши намаз окубаса жана башка ибадаттарды орундатпаса динден чыкпайт. Кээ бир вахабилик сыяктуу агымдар айткандай каапыр болуп эсептелбейт. Тавхид: Алла бар жана ал бир. Ага окшош жана тең болгон эч ким жок. Заты жана кыймылдары менен бир болгон Аллага ишенүүгө милдеттүбүз. Матуридий Алланын бар экендигин далилдөө үчүн «акыл»дын түрдүү метотторун жана «накл»ды колдонот. Алланын сыпаттары заты менен бир да эмес, башка да эмес. Мисалы Алланын көрүүчү, угуучу деген сыпаттары бар. Ушул сыпаттарын Алла менен бир деп айтсак анда, каапырдыкка түшүп калабыз. Анткени мындай абалда Алла менен кошо көрүүчү, угуучу деген кудай бар экен дегендике жатып калат. Алла Тааланын көрүнүшү: Матуридий боюнча Алланын көрүнүшү Куранда жана «накл»ий булактарда тастыкталган. Алланы көрүү тигил же бул формада болбойт. Кыямат күнү Алла Таала момундарга көрүнөт. Буга Курандагы Азирети Муса менен Алла Тааланын ортосундагы окуяны жана кээ бир аяттарды далил катары көрсөтөт. Адамдын кыймыл аракети: Матуридинин көз карашы боюнча адамдар өзүнүн кыймыл аракетинде эрк эркиндигине ээ. Башкача айтканда адамдар эмне кыймыл кыла тургандыгын өзү тандайт. Буга Алла Таала Куранда «Каалаганыңарды жасагыла...»[2] - деп айткан аятты далил катары көрсөтөт. Адамдар өз эрки менен эмне иш кыла тургандыгын тандап алат. Бирок ошол ишти аткаруудагы кыймыл аракетин Алла жаратат деп айтат. Бул сөзүнө: «Силерди да, кылган ишиңерди да Алла жаратат»[3] - деген аятты далил келтирет. Чоң күнөө: Матуридий боюнча киши өлтүргөн, зина кылган жана башка ушуга окшогон чоң күнөө жасаган кишилер ыймандан чыкпайт. Чоң күнөө жасаган кишилер тообо келтирбестен өлсө да түбөлүк тозокто калбайт. Шапаат кылуу: Матуридий боюнча пайгамбарыбыздын (с.а.в) кыямат күнүндөгү шапааты күнөөкөрлөр үчүн болот. Күнөөсүздөр буга муктаж эмес. Чоң күнөө кылгандар ыймандан чыкпагандыктан Алла аларды кечириши мүмкүн. Кыскача пикирлеринен мисал келтирилген Матуридий ислам укугунда (фикх) Ханафий мазхабына таандык болгондордун акыйдадагы имамы (жол башчысы) болуп эсептелет. Имам Матуридинин жана Имам Ашъарийдин ыкмасы жана айырмачылыктары Имам Матуриди жана Имам Ашъари бир мезгилде жашашкан жана Ислам окуусунун бир тармагында эмгектенишкен. Бирок, Имам Ашъари Исламды ичтен бузууга аракет кылган көптөгөн душмандык маанайдагы агымдардын чөйрөсүндө жашаган. Ал жашаган Басра шаары муътазилиттердин мекени эле. Ирактын дал ошол бөлүгү муътазилиттер менен фикх жана хадис аалымдарынын ортосундагы талаш-тартыш талаасы болгон. Ал эми Имам Матуриди жашаган Маварауннахр болсо, тескерисинче, суннит аалымдары менен муътазилиттердин талаш-тартыш, айтыштарынан алыс эле. Белгилей кетүүчү нерсе, Маймун, Мугтасым, Уасик сыяктуу халифтердин доорунда, “муътазилия” агымы мамлекеттик идеология болуп бекитилген, мына ошонун натыйжасында, муътазилиттердин идеясы бүткүл халифатка тарай баштаган. Маварауннахрда муътазилиттердин мазхабынын таасири анчалык болгон эмес, анткени, алардын идеяларын таратуучу, аларды жактоочулардын саны аз эле. Ошондой болсо, Имам Матуриди кээде алар менен талашка чыгып турган. Ишмердүүлүк тармагынын жалпылыгы себебинен, Имам Ашъарини жана Имам Матуридини принциптеринин бирдейлиги эле бириктирип турбастан, аларды түшүндүрүү ыкмасынын бирдейлиги да бириктирип турган. Ошондой болсо да, ар бирине тиешелүү өзүнчө өзгөчөлүк айрымалары бар эле, бирок, көпчүлүк изилдөөчүлөрдун ою боюнча, бул айрымалар олуттуу мүнөзгө ээ эмес эле. Мисалы, Шейх Мухаммад Абдух, Имам Ашъари жана Имам Матуриди көп карама-каршылыктарды пайда кылган эмес, деген. Ал эми эки имамдын калам илимине болгон көз караштарын ала турган болсок, анда кээ бир айрымачылыктарды белгилей кетсе болот. Эки имам тең касиеттүү Куранды изилдөөдө, акыл-эсти жана логиканы толук пайдаланышкан. Ал эми алардын бири бул маселеде акыл-эс категориясына көбүрөөк таянган. Эгерде, Имам Ашъари Алла Тааланы Куран жана Хадис аркылуу таанып-билүүгө умтулса, Имам Матуриди, Имам Абу Ханифанын ыкмасына таянып, Алла Тааланы акыл-эс аркылуу таанып-билүүгө умтулган. Эгерде, Имам Ашъари акыл-эс жакшы менен жаманды шариатсыз айрымалоого жөндөмсүз десе, ал эми Имам Матуриди болсо, чыныгы акыл-эс жакшыны жамандан ажырата алат деген. Акыйкатка жетүүдө Имам Матуриди акыл-эсти пайдалануу менен уруксат берилген нерсенин чегинен чыкпай туруп, ой-жүгүртүүгө жана логикага таянат. Ал эми Имам Ашъари жана анын жолдоочулары ушул эле маселеде Куран жана сүннөткө таянышат. Мына ушунун негизинде, эгерде матуридия акыйда маселесинде, ашъария жана муътазила мазхабтарынын ортосунда турса, ал эми ашъария өзү болсо, муътазилиттер менен фикх жана хадис илимдеринин ортосундагы позицияны ээлейт. Имам Матуриди акыл-эске шариаттын жол берген чегинде таянган. Ал Куран жана сүннөт менен бирге эле, акыйкатты үйрөнүп-билүүнүн булагы катары, логикалык ой-жүгүртүүнү да колдонгон. Имам Ашъари өзүнүн далилдеринде, Куран жана хадис менен бирге эле, акыл-эске да таянган. Бирок, ал акыл-эсти негизги эмес, жардамчы каражат катары түшүнгөн. Имам Матуриди болсо, тескерисинче, акыйдага тиешелүү маселелерде, акыл-эсти акыйкатты таанып-билүүнүн өзүнчө булагы катары түшүнгөн. Муътазилилер акыйкатты таанып-билүүдө Куран жана сүннөттү четке кагуу менен бир гана акыл-эске таянган. Бул муътазилиттердин катачылыгынан эле. Имам Матуриди жалаң эле акыл-эске таянуу менен маанисин түшүнүүгө болбой турган маселелер бар экендигин мойнуна алган. Ошондуктан, Матуриди мындай маселелерде өтө аяр болууга чакырган жана мындай учурларда Куран жана сүннөткө таянуу менен, мааниси ачык эмес аяттардын мааниси ачыгыраак бөлөк аяттар менен түшүндүрүлүүчү ыкманы колдонгон. Имам Матуридинин ою боюнча, эгер акыл-эс Куран аяттарын түшүнүүгө алсыздык кылса, анда адам анын акыйкаттыгына ыйман келтирүү менен гана чектелиш керек. Сахабалар жана таабииндер мааниси аларга ачык эмес болгон Куран аяттарына дал ушундайча амал кылышкан. Имам Матуриди мүмкүнчүлүгүнө жараша, касиеттүү Курандын маанисин, аяттарды пайдалануу менен түшүндүрүүгө аракет кылган. Анткени, Куранда карама-каршылыкка орун жок: “Эгерде ал (Куран) Алладан болбогондо, анда алар андан көптөгөн карама-каршылыктарды табышмак” (Ниса, 82 аят). Мааниси ачык болбогон аяттарды түшүндүрүүдөгү Имам Матуридинин ыкмасы, факихтердин жана мухаддистердин (хадис аалымдарынын) принциптерине каршы келсе да, ал доордун талабына жооп берген. Ислам таркалган сайын байыркы маданияттардын жана диндердин таасирине учурай баштады. Мусулман аалымдары мааниси ачык эмес аяттарга түшүндүрмө беришпесе дагы, жалганчы аалымдар чыгып, илимдин бардык талаптарына көз жумду мамиле кылуу менен маанисин түшүнүүгө алардын аң- сезими алсыздык кылган бул мааниси ачык эмес муташаббих аяттарды өзүм билемдикке салып, өз алдынча түшүндүрүүгө киришишти. Ошондуктан динди ушундай динден тыш көз караштардан тосуу максатында, Имам Матуриди муташаббих аяттарына өзүнүн түшүндүрмөлөрүн жазды. Анын бул түшүндүрмөлөрү Исламдын негиздерине каршы келбейт . Сүннөттүн жана каламдын акыйдасын түзүүчү эки (матуриди жана ашъари) мектеби тең биринчи кезекте Куран жана сүннөткө, андан соң гана акыл-эске таянат. Акыйда маселесинде алар ой-жүгүртүүгө орун койбогон факихтер жана мухаддистер менен акыл-эс менен аңдап билүүнү биринчи орунга койгон муътазилиттердин ортосундагы алтын ортолукту ээледи. Ахмад Ал Лухайбий ушул эки мазхабтын ортосундагы айырма туурасында мындай дейт: Чындыгында Матуридия жана Ашьаария мазхабтарынын акыйдасына (ишенимине) ой жүгүрткөн адам, алардын ортосундагы чоң жакындыкты табат. Мына ушул жакындык, ал эки мазхабтын ортосундагы биримдүүлүктү жана окшоштукту пайда кылган. Натыйжада бул эки тайпага «Ахли суннат вал жамаат» - наамын ыйгаруу ылайык келди. Мага ачык болгон нерсе, чындыгында Матуридия мазхабы «Куллабия» мазхабынан келип чыккан. Ошондой эле Ашьаария мазхабы да «Куллабия» мазхабынан келип чыкан. Матуридия мазхабынын «Куллабия» мазхабынан келип чыгуусуна далил мындайча: Матуридия мазхабы башка фиркалардан Аллах Тааланын «Таквиин» сыпатын эзелтеден деп айткан сөзү менен айырмаланып турат. Чындыгында «Матуридия» мазхабы келип чыгуусунан мурда, «Куллабия» мазхабы да «Таквиин» сыпатын эзелтеден экендигин айткан. Учурунда «Куллабия» мазхабы Маа вароо нахр (Сыр дарыянын арт жагы) б.а Орто Азиянын көптөгөн шаарларында кенен жайылган болчу. Ошол шаарларда имам Мухаммад бин Махмууд Ал Матуридий Ас-Самаркандий жашап өткөн. Мындан албетте Матуридий р.х өзүнүн «Куллабий» устаттарынан илим алгандыгы жана алардын жолун жолдогондугу ачык болду. Ушул себептен эки мазхабтын ортосундагы жакындык ачыка чыгат (Туурасын Аллах эң жакшы билүүчү) Ахмад Ал Лухайбий бул эки мазхабтын ортосундагы жакындыка Баязийнин «Ишааротул Мароом» аттуу китебинде орун алган, акыйда туурасындагы топтомунда эскерилген , Субкийдин «Нууний касыдасын»(поема) далил кылып айтат. Аны Субкийдин өзүнөн угалы: Мен Ханафий китептерин изилдеп чыктым, соң Ханафий мазхабы менен биздин мазхабтын (Ашьаария) ортосундагы айырма бар маселелердин жалпы саны он үч (13) экендиги ачык болду. Андан алтоосу (6) маьнавий (мазмундук), калгандары лафзий (сөздүк) айырмалар. Ошол алты (6) маьнавий(мазмундук) маселеде биздин аларга жана алардын бизге болгон карама- каршылыгы, каапырлык жана бидьатка алып барбайт. Мен өзүмдүн «Нуний касыдамда» (поема) бул маселелерди чогултуп жазганмын жана ошону менен биргеликте акыйданын негизинде бирин-бири тууралоо менен Матуридия жана Ашьария мазхабтарынын ортосунда айырмаланган башка маселелерди да айта кеткенмин. Алардын баарынын ырастоолору «Ахли суннат вал жамаат»тын жолунда (Субкийдин «Нуний касыдасын» Баязийнин «Ишааротул Мароом» аттуу китебинен кара). Баязий өзүнүн «Ишааротул Мароом» аттуу китебинде Матуридия жана Ашьаария мазхабтарынын ортосундагы айырмаланган маселелерди баян кылуу үчүн өзүнчө бөлүм түзүп чыккан жана ал эки мазхабтын ( Матуридия жана Ашьаария) ортосундагы айырма элүү (50) маселеде кездешээрин айткан. Ошондой эле айырмалуу маселелерди китептин баардык бөлүмдөрүндө далилдер менен биргеликте толугу менен баяндап кеткен. Ашьаария жана Матуридия мазхабтарынын ортосундагы айырма маьнавий (мазмундук) экендигин да айта кеткен. Ошол маьнавий (мазмундук) айырма эки мазхабтын ортосунда бидьатчылыкка (адашууга) алып барбай турган деңгээлде б.а (Ошол маьнавий(мазмундук) айырма негиздерден сырткары турган бутакчаларда). Ушул себептен бул китеп эки мазхабтын ортосундагы айырманы изилдөөдө эң бир ылайыктуу китептерден болуп саналат. Абу Заахид ал Каусарий р.х мындай дейт : Матуридий жана Ашьаарий р.х дер «Ахли суннат вал жамаат»тын эки чоң имамы. Ал эки имамдын жер жүзүндө сан жеткис китептери бар. Бул эки мазхабтын ортосундагы айырмалардын көбү лафзий (сөздүк) айырма болуп эсептелинет. Ошол айырмалар жөнүндө бир канча китептер жазылган. Ошолордун арасынан Баязий өзүнүн «Ишааротул Мароом фии Ибааротул имам» аттуу китебинде бул туурасында кыскача,маанилүү баяндама берген жана Зубайдий р.х да «Шархул Ихя» да Баязийдин баяндамасын айткан. Биринчи: Аллах Тааланы таануу Матуридия мазхабында: Аллах Тааланы акыл менен таануу вааажип. Эгерде Аллах Таала адамдарга элчи жибербегенде, аларга Алланын бардыгын, бирдигин акылдары менен билүү жана Алла Тааланын өзүнө ылайык келген сыпаттары менен сыпатталуусун жана ал Зат ааламды жоктон бар кылып жараткандыгын билүү ваажип болот эле. Ошондуктан вахий (кабар жана чакырык) жетпеген пенде үзүрлүү (кечиримге ээ) болбойт. Ашьаария мазхабында: Аллах Тааланы таануу шариат менен ваажип болот. Ошондуктан шариаттын келүүсүнөн мурда куфур (динсиздик) арам болгон эмес жана ыйман ваажип болгон эмес. Ошондуктан Ашьаарий уламалары: Албетте Ислам чакырыгы жетпеген бийиктикте (тоодо, эч ким жашабаган жерде) туулуп өскөн адам Алланын алдында үзүрлүү болот. Экинчи: Ироода (каалоо) сыпаты Матуридия мазхабы: Албетте Ироода (каалоо) сыпаты жана Ризо (ыраазы болуу) ошондой эле Махабат(жакшы көрүүчүлүк) сыпаттарын өз-өзүнчө сыпат деп эсептешет. Ашьаария мазхабы: Аллах Тааланын Ироода (каалоо) сыпаты жана Ризо(ыраазы болуу) ошондой эле Махабат (жакшы көрүүчүлүк) сыпаттарын бир мааниде деп эсептешет. Үчүнчү: Калаам (сүйлөө) сыпаты Матуридия мазхабы: Албетте Аллах Таланын сөзү угулбайт. Бирок Аллах Тааланын сөзүнө далалат кылуучу үн жана тамгалар гана угулат. Ошондуктан Муса а.с Аллах Тааланын сөзүнө далалат кылган тамгаларды жана үндү уккан. Аллах Тааланын сөзү махлук эмес (эзелтеден, жаралынган эмес). Ал эми Муса а.с уккан тамгалар жана үн махлук (жаралынган) Ашьаария мазхабы: Алар Аллах Тааланын сөзүн угуу мүмкүн деп айтышат. Ошондуктан Муса а.с Аллах Тааланын Затынан чыккан сөздү уккан жана ошол угуу инсандын өздөштүрүүсү менен болот. Төртүнчү: Таквиин (пайда кылуу) сыпаты Матуридия мазхабы боюнча: Аллах Тааланын Таквиин (пайда кылуу) сыпаты эзелки жана Таквиин (пайда кылуу) бул мукаввандан башка нерсе б.а Аллах Тааланын пайда кылуу (Таквиин) сыпаты пайда кылынган (мукавван) нерселерден башка. Ашьаария мазхабы боюнча: Таквиин (пайда кылуу) бул Аллах Тааланын сыпаты эмес, балким ал ой жүгүртүүгө негизделген жана таасир берүүчүнүн таасирге болгон байланышынан акылда пайда болгон иш. Ошондуктан Таквиин(пайда кылуу) ал мукавван (пайда кылынган) дын өзү жана ал хаадис(азалий эмес) дешет. Бешинчи: Таклииф (Күчү жетпеген нерсени милдет кылып жүктөө) Матуридия мазхабы боюнча: Пенденин күчү жетпеген нерсени, милдет кылып жүктөө ылайык эмес. Ашьаарий уламаларынын көпчүлүгүнүн көз караштары боюнча: Пенденин күчү жетпеген нерсени, пендеге милдет кылып жүктөө болот дешет. Алтынчы: Алланын жасаган иштериндеги Хикмат (даанышмандык) жана Себеп жөнүндө Матуридия мазхабы боюнча: Алланын жасаган иштеринде Хикмат (даанышмандык)тын болуусу зарыл (лаазым) б.а ансыз болбойт. Ошондуктан Матуридия мазхабында الحكمةفعل الحكيم لا يخلو عن (Даанышмандын жасаган иши даанышмандыктан бош болбойт) деген сөз бар. Ошондой эпе Алланын жасаган иштеринен хикматтын (даанышмандык) ажыроосу деги эле мүмкүн эмес . Ашьаария мазхабы боюнча: Алар Алланын жасаган иштеринде хикмат (даанышмандык)тын жана себептин болуусун жокко чыгарышат. Аллах Тааланын баардык иштери көздөлгөн максаттар менен себептелген эмес жана Алланын жасаган иштерине себеп коюп, бул ушул себептен болду дештик жайз (уруксат) эмес дешет. Жетинчи:Бир нерсени жакшы (хусн) же жаман(кобиих) экендигин билүү Матуридия мазхабы боюнча: Бир нерсенин жакшы же жаман экендиги акыл менен ажырата билинет б.а бир нерсени жакшы же жаман деп билүү акылга тиешелүү. Ашьаария мазхабы боюнча: Бир нерсенин жакшы же жаман экендиги акыл менен билинбейт. Балким ал шариат аркылуу маалым болот. Сегизинчи: Иститоьат (мүмкүнчүлүк, кудурет) Матуридия мазхабы боюнча: Иститоьат(мүмкүнчүлүк, кудурет) эки түрдүү болот. Биринчиси: Иш аракет менен биргеликте мүмкүнчүлүк, күч кудуреттин болуусу жана аны менен аракет иш жүзүнө ашат. Мисалы: Тоопуктун болуусу(Аллахтын колдоосу) Экинчиси: Иш аракеттен мурда мүмкүнчүлүктүн,,күч кудкреттин болуусу. Мисалы: Ден- соолук,жөндөмдүүлүктүн болуусу. Ашьаария мазхабы: Иститоьат(мүмкүнчүлүк, кудурет) иш аркает менен гана болот.Иш аракеттен мурда, кийинда болбойт. Тогузунчу: Алкасб (пенденин кылган кыймылы жана аткаруусу). Ашьаария жана Матуридия мазхабтары: Пенделердин кыймыл аракеттерин Аллах гана жаратат экендигинде бир ойдо. Ал кыймыл-аракетти пенделер аткарат. Бирок «касб»тын маанисинде эки мазхабтын ортосунда айырмачылык бар. Матуридия мазхабы боюнча: Кыймыл аракетти жараттуучу Аллах жана аны иш жүзүндө аткаруучу(касб) кылуучу пенде. Ашьаария мазхабы боюнча: Пенделердин кылган кыймыл -аракеттери Алланын кудурети менен гана болот(ишке ашат). Кыймыл-аракетке пенденин кудурети таасир бербейт. Онунчу:Ыйман Муколлад(таклиид-дегени эч бир далилин билбестен жана далилин сурабастан бирөөнүн айткан сөзүнө же кылган ишине ээрчү).Эрчүүчүнүн ыйманы туурасында Матуридия мазхабы боюнча: Кимде ким диндин баардык рүкүндөрүндө бир аалымга ээрчип, ынанган болсо, анда анын ыйманы дурус. Ашьаария мазхабы брюнча: Мукаллид( ээрчүүчү)дин ыйманы дурус эмес деп айтышыт. Ошондой эле ыймандын дурус болуусу үчүн, ар бир маселени Куран,Хадис далилдери жана акыл аркылуу такталган далилдер менен билүүсү шарт. Он биринчи: Сооп жана азап берүү жөнүндө. Бул маселе айдан ачык, жашыруун эмес. Ашьаария жана Матуридия аалымдары биригишип, баш ийген пендеге азап болбойт, баш ийбеген пендеге сооп болбойт деп бир ооздон айтышкан. Негизинен бул маселе чечилген иш. Чечилбеген маселе мудрикте болуп жатат. Мудрик деп баш ийген пендеге азап болбоосун, баш ийбеген күнөөкөргө сооп берилбөөсүн түшүнүүчүнү айтат. Матуридия мазхабы боюнча: Мудрикти «акыл» жана «шариат» деп айтышат. Ошондо مطيع( баш ийүүчү пенде)ге азап,ал эми عاص (күнөөкөр пенде)ге сооп болуусун шариат да, акыл да тыят. Ашьаария мазхабы боюнча: Мудрик бул шариат гана, акылдын ага тиешеси жок. Акыл азап жана сооп берилүсүн айта албайт дешет. Бул кайчылаш пикирдин себебинен Матуридия мазхабы مطيع( баш ийүүчү пенде)ге азап болбойт, ал эми عاص (күнөөкөр пенде)ге сооп берилбейт деп айтышат. Мейли Ашьаариялар азап болуп калуусуна макул болушса деле. Он экинчи: Баардык пайгамбарлар а.с күнөөлөрдөн маьсуум(сакталынган) Матуридия мазхабы боюнча: Жалпы пайгамбарлар (а.с) чоң күнөөлөрдөн жана жаман, жийиркеничтүү амалдардан таза. Өзгөчө шариатка байланыштуу иштерде, өкүмдөрдү элдерге жеткирүүдө, элдерди тууралыкка үгүттөөдө ката кетиришкен эмес .б.а Аллах Таала кандай өкүм берсе, дал ошондой аткарышкан жана Матуридия уламалары пайгамбарлар а.с дарды. (صغائر) Кичине күнөөлөрдү да кылышкан эмес дешет. Куран,Хадистен пайгамбарлар (а.с) жөнүндө айтылган күмөндүү сөздөргө таянышып илимсиздиктен, таавил(түшүндүрмө) кыла билбегендиктен кээ бир адамдар пайгамлар( а.с) дагы (صغائر) кичине күнөөлөрдү кылышкан-деп адамдарга карата жооп жазышып, алар түшүнбөй калган аят, хадистердин таавиил(түшүндүрмөлөрүн) айтышкан. Негизинен пайгамбарлар а.с дар (كبائر) чоң күнөөлөрдөн жада калса (صغائر) кичинекүнөөлөрдөн дагы жана Кудайга жакпаган бардык күнөөлөрдөн таза болушкан. Ашьаария мазхабы боюнча: Пайгамбар а.с дар да, пайгамбар болуусунан мурда аларда өтө төмөн болбогон, өтө эле уятка калтырбагандай кичине күнөлөр болгон. Бирок пайгамбарлар а.с дарда кичине күнөөлөр болгон эмес деп айтууга далил жок. Жыйынтыктап айтканда пайгамбарларда да атайлап же унутуп болсун кичине күнөөлөр болгон. Ал эми пайгамбар а.с дар пайгамбар болгондон кийин алардын пайгамбарчылыгына, чынчылдыгына каршы болон күнөөлөрдү атайлап жасашкан эмас. Мейли ал кичине күнөө болсо деле. Матуридия жана Ашьаария мазхабтарынын ортосундагы лафзий(сөздүк) айырмачылыктар Биринчи: السعا دة(бактылуулук) жана الشقاوة(бактысыздык) туурасында Матуридия мазхабы боюнча: السعادة(бактылуулук) жанаالشقاوة(бактысыздык) бул экөө في الحال(ошол замат) болоорун жана ал экөөсү эзелтеден (азалий) эмес экендигин жакташат. Ошондуктан бактылуу адам Матуридия мазхабы боюнча ал момун болуп эсептелет. (момун болуп турган кезде) Эгер ал каапырлыкта көз жумса, анда ал شقي(бактысыздык)ка көчөт. Ал эми شقي (бактысыз)каапыр болот, (каапыр болуп турган учурда) эгерде ал ыйманда көз жумса анда ал السعيد(бактылуулук)ка көчөт. Ашьаария мазхабы боюнча: السعادة(бактылуулук)тун түшүнүгү, ыйманда жүрүп көз жумууну айтат жана бул Аллах Тааланын ошол нерседеги азалий(эзелтеден) болгон илими менен байланыштуу. Ушул сыяктууэле السقاوة (бактысыздык) каапырлыкта жүрүп көз жумууну айтат. Ошонун себебинен السعيد(бактылуулук) алардын мазхабында азалий (эзелтеден) болот жана شقي(бактысыздык) дагы азалий (эзелтеден) болот.السعيد(бактылуулук) شقي(бактысыздык)ка алмаштырылбайт жеشقي(бактысыздык) السعيد(бактылуулук) алмаштырылбайт. Экинчи: Элчилер дүйнөдөн көз жумуусунан кийин رسالة (тапшырма) калуусу тууралу өкүм Матуридия мазхабы боюнча رسل (элчилер) жана نبي (пайгамбар) дүйнөдөн көз жумуусунан кийин деле رسلжана نبي сыпатында калат. Ашьаария мазхабы боюнча: Алар пайгамбар жана элчилер а.с дар дүйнөөдөн кайтууларынан кийин Пайгамбарчылыктын өкүмүндө болот дешет. Бир нерсенин өкүмү өзүнүн негизги ордунда калат. Ошол себептен эки тайпа маселенин аслында( негизинде) бир ойдо экендиги ачык болот. Талаш болуп жаткан нерсе бул: Качан пайгамбарчылык калса, ал акыйкат боюнча эле кала береби же пайгамабарчылыктын өкүмүндөбү? Үчүнчү : الارادة(каалоо)сыпаты الرضاء(ыраазылык) жана المحبة(жакшы көрүү) сыпаттарын өзүнө лаазым (бекем) тутабы же жокпу? Матуридия мазхабы боюнча: Пенделердин кыймыл-аракеттеринин баарын курчап алган, Аллах Тааланын الارادة(каалоо) сыпатын сабит кылышкан б.а бекемдешкен.Анткени пенделердин кыймылдары Аллах Тааланын жаратуусунан болот. Ошондой эле «Аллах Тааланын барлыгын курчап алган ираадасы жок» деген сөздүн маниси мындай болуп калат: (نعوذ بالله) «Пенделердин кыймылына кудуретине жок дегендик». Ошондуктан кудурет,каалоо жана илим бул улуухият сыпаттары толук экендигин бекемдейт. Мындан сырткары Матуридиялар айтышат:Ираада сыпатында мухаббат (жакшы көрүү) сыпаты жок. Албетте الارادة(каалоо)сыпаты الرضاء(ыраазылык) жана المحبة(жакшы көрүү) сыпаттарын өзүнө лаазым (бекем)тутбайт.б.а (ыраазычылык жана жакшы көрүү сыпаты ираада сыпаттында болусу зарыл эмес). Ашьаария мазхабы боюнча:Алар الارادة (каалоо) сыпаты бул الرضاء(ыраазылык) жана المحبة(жакшы көрүү) сыпаттарынын өзү экендигин жакташат . Анткени المحبة(жакшы көрүү) сыпаты ал «ираада» сыпаты болуп эсептелет жана الرضاء(ыраазылык) анын мааниси деле «ираада» маанисинде. Ираада сыпаты «رضاء» (ыраазычылык) жана المحبة(жакшы көрүү) сыпаттарын бекем тутат. Ушул себептен ираада,ризо,мухаббат,машиат ихтияр бул сыпаттардын баары бир мааниде. Төртүнчү: Ыйманды истисна б.а ажыратып айтуу Матуридиялар –Ыйман деп жүрөк менен тастыктап, тил менен моюнга алууну айтат. Ашьаариялар жүрөк менен тастыктоону-ыйман деп айтышат. Матуридия мазхабы боюнча: Алар ыйманды ажыратып айтууну б.а انا مؤمن انشاء الله (Аллах кааласа мен момунмун) деп айтууну дурус эмес дешет. Анткени алардын көз карашында момун деп انا مؤمن حقّا(мен чыныгы момунмун) деп айткан пенде чыныгы момун болуп эсептелинет. Ал эми «машьиат» б.а انا مؤمنان شاء الله (Аллах кааласа мен момунмун)деп айткан пенде момун болуп эсептелбейт. Анткени Матуридиялардынмазхабы боюнча ыйманды ажыратып б.а انا مؤمن ان شاء الله (Аллах кааласа мен момунмун) деп айтуусу ыймандуу пенденин ыйманында шекти пайда кылат. Чындыгында ыйман шек менен кабыл кылынбайт. Ашьааария мазхабы боюнча:Алар ыйманды ажыратып б.а انا مؤمن ان شاء الله(Аллах кааласа мен момунмун) деп айтууну дурус деп айтышат. Алар далил катары бул сөздү айтышат : Ыймандуу болуу, ыймансыз болуу, бактылуу болуу, бактысыз болуу бул өмүрдүн акырына каралат. Жыйынтыктап айтканда: Матуридия боюнча ыйманды ажыратып айтуу дурус эмес. Ашьаария боюча ыйманды ажыратып айтуу дурус. Бешинчи:Муколлид(өз ишин бирөөнүн ишине окшотуп жасоо б.а далилин билбестен, далилин сурабастан бирөөнүн айткан сөзүн же кылган ишин ээрчүү) б.а ээрчүүчүнүн ыйманы тууралуу Матуридия мазхабы боюнча: Кимде ким диндин баардык рүкүндөрүндө бир аалымга ээрчип, ынанган болсо, анда анын ыйманы дурус деп эсептешет. Анткени бул адамдын далили болсун же болбосун тасдык Алланы бар экендигин тастыктоотабылып жатпайбы! Ушул тастыктоо дурус дешет. Матуридиялар б.а Абу Ханифа, имам Малик, Саурий, Авзаьий, имам Шаафий, Ахмад жана көпчүлүк факихтержана хадисчилер муколлиддин ыйманы дурус дешет. Бирок ушул муколлид далилгекудрети жетип туруп далилди таштаса анда күнөөкөр болуп саналат деп айтышкан. Ашьаария мазхабы боюнча: Диний акыйдалар таклид (ээрчүү) менен гана бүтүп калбайт. Балким бул адамга далилден пайда болгон якиний ишеним зарыл деп айтышкан. Анткени ыйман негизги маселелерден. Ошондуктан жалпы түрдө далилдерди билип алуу зарыл, бирок ал далилдерди жүрөк менен билүүнү шарт кылышпайт жана тил менен да шарт кылышкан эмес. Ашьарийлер эгер муколлид далилди таштаса анда муколлид күнөөкөр болот. Бирок ал каапыр же мушрик эмес. Биз үмүт кылабыз анын кечирилип «Бейишке» кирээрин. Алтынчы: Кесип жөнүндө Матуридия мазхабы боюнча: Пендеге кудретти бекем дешет б.а пенде кылган кыймыл-аракетинде өзүнүн кудуретинин таасири бар. Бирок кыймылды жаратууда пендеде болгон кудуреттин таасири жок. Тек гана кудуреттин таасири кыймыл- аракеттин сыпатына ылайыктуу болот.Моюн сунуу, күнөө кылуу себебинен кылган кыймылынын кесепети өзүнүн пайдасына же зыянына болот. Мына ушул себептүү Матуридиялар пендеге өз кыймылында ыхтыяр беришет. Мына ушул кыймылынын кесепетинен дүйнөдө жакшылык жана жамандык, акыретте болсо сооп жана азап болот. Ашьаария мазхабы боюнча: Пенделердин кыймылы, анын себебинен ишке ашкан кудрет махлук эмес. Жана кудурет иши өздөрүнүн колунда, зыяны өздөрүнө. Ашьаария боюнча ираада(каалоо) бул ираада жүзий б.а бир бөлүкчө болуп эсептелет. Ал эми алардын алдындагы ираада куллий б.а толук каалооо бул Аллахка махлук болуп эсептелет дешет. Жетинчи: Каапырга жакшылык кылынабы же кылынбайбы? Матуридия мазхабы боюнча: Каапырга жакшылык дүйнөдө гана кылынат. Ашьаария мазхабы боюнча: Каапырга динде да , дүнйөдө да акыретте да жакшылык жок дешет. Жогорудагы маселелерге байланышкан дагы үч маселе Биринчи: Алланын сыпаттары туурасында Муьтазилалар сыпаттарды нафий(кайтарган) кылган. Ашьаарийлер болсо исбат кылышкан (жокко чыгарган эмес), ошону менен бирге мындай дешет: Сыпаттар заттан башка ,(б.а зат жана сыпат эки башка нерсе). Кудурет, Ираада(каалоо), АлИлим (билүү),АлХаят(тирүү),Угуу,Көрүү,Сүйлөө сыпаттарын исбат кылып(б.а бар дешип) Булар заттан сырткары дешкен.Муьтазилалар болсо мындай дешет: Заттан башка эч нерсе жок, ал эми Курандагы «билүүчү, кабардар , даанышман, угуучу, көрүүчү»-деген сыпаттар Аллах Тааланын затынын гана аттары. Матуридия болсо сыпаттарды сабит кылган бирок мындай деген: Сыпаттар (м:Угуу, Билүү ж.б.у.с ) өзүнчө пайда болбойт (б.а قائمة بذات ) эмес, жана заттан сырткары эмес (б.а өзүнчө эмес). Ошондуктан «сыпаттардын көп болуусунан Кадим(эзелки, эски) дер көбөйүп кетти»-деген маселе чыккыдай сыпаттарга заттан сырткары болуу мүмкүнчүлүк жок (б.а сыпаттар өзүнчө эмес, зат менен бир). Экинчи:Аллах Тааланы көрүү тууралуу Аллах Тааланы көрүү Куран аяты менен бекемделген. Аллах Таала айткан «Кээ бир жүздөр ошол күнү албырып эгесине карашат» Ушул себептен Матуридиялар Аллахты көрүүнү бекемдешет. Кандай эле Ашьаариялар кыямат күнү Аллах Тааланы көрүүнү бекемдешкендей. Ал эми Муьтазилалар Аллахты көрүүнү жокко чыгарышат. Анткени Аллахты көрүү үчүн анын көрүнүүсүнө орунду талап кылат. Натыйжада Аллах Таала үчүн орун бар деген сөз келип чыгат, деп айтышат. Ал эми Аллах таала мындай нерселерден таза Зат. Матуридиялар кыямат күнү Аллахты көрүү кайфиятсыз(түзүлүшсүз) б.а кандай көрөбүз, кандай абалда көрөбүз ал Аллахка гана маалым дешет. Үчүнчү: Чоң күнөө кылуучу Албетте момун мусулман түбөлүккө тозокто калбайт. Уламалар бул маселеде ижмаь(ойлору бир) кылган. Ошондуктан Уламалар тозокто түбөлүккө калбай турган момун кандай болуусунда түрдүү ойдо болушкан. Хавариждер: Чоң болсун же кичине болсун күнөө кылган мусулманды каапыр деп эсептешет.Алардын көз карашы боюнча күнөө(чоң,кичине) кылган пенде момун да, мусулман да эмес. Муьтазилалар: Чоң күнөө адамды ал мусулман болсо да бирок момун деп санашпайт. Бул адам толук тообо кылбай көз жумса, ал адам түбөлүккө тозокто калат. Бирок бул күнөөкөрдүн азабы Аллахка, Анын Элчисине момун болбогон адамдын азабынан жеңилирээк болот. Бул маселеден Хавариждер жана Муьтазилалар амалды ыймандын бир бөлүгү катары эске алышаары ачык болду. Матуридия жана Ашьаария мазхабтары боюнча: Амал ыймандын бөлүкчөсү эмес. Ошондуктан күнөө кылган адам ыймандын чегинен чыкпайт (б.а ыймандан ажырабайт). Ага эсеп-кысап , азап болсо да. Ошондуктан Матуридия чоң күнөө кылган адамды ал тообосуз өлсө да тозокто түбөлүк калбайт. Аллах Таала өз рахматы менен чыгарат!
Дагы...

Ханафий мазхабынын пайда болуусунун тарыхый башаты, өсүүсү, анын этаптары жана жайылуусу.

Мазхаб сөзүнүн тилдик б.а. сөздүктөгү мааниси - кетүүчү орун, жол деген маанини билдирет. Ал эми термин катары - кайсы бир мужтахид аалым туура деп эсептеген шариат өкүмдөрү. Мисалы: Абу Ханифанын мазхабы деп, Имам Абу Ханифа (р.х) туура деп эсептеген шариат өкүмдөрү айтылат. Дагы да түшүнүктүүрөөк болуусу үчүн мындай мисал келтирсек болот: Имам Абу Ханифа (р.х) намаз окуганда, эркек киши колун киндиктин астына коюусу керек деп айтса, ал эми имам Шаафи (р.х) колдор киндиктин үстүнө коюлат деп айткан. Ошондо биз: «Имам Абу Ханифанын, же болбосо Ханафий мазхабы боюнча колдор киндиктин астына коюлат. Ал эми Шаафий мазхабы боюнча көкүрөкө коюлат» - деп айтабыз. Ал эми мазхабтардын келип чыгуусу бир канча себептерден улам. Алардын бир экөөсү төмөнкүчө: 1) Хадистерди кабыл кылуу үчүн коюлган шарттардын айырмачылыктары. Мисалы: Бир аалым ага жетип келген хадистин ар бир риваятчысы, ошол хадисти кимден риваят кылган болсо аны менен жолуккандыгын анык билмейинче кабыл кылган эмес. Ал эми башка бир аалым риваятчылардын бир доордо жашап, алардын бири – бирине жолугушууга мүмкүнчүлүктөрү бар болгондугун гана этибарга алып хадисти кабыл кылган. Ошентип бир гана шарттын негизинде эки мазхаб пайда болот. 2) Хадис риваят кылган адамдын фикх илимин билген болуусу. Мисалы: Имам Абу Ханифа хадис риваят кылган адам фикх илимин билбесе, анын сөзмө – сөз эмес, маанисине карай риваят кылган хадисин кабыл кылган эмес. Ал эми башка аалымдар маанисине жараша риваят кылган риваятчылардын фикх илимин билүүсүн шарт кылышкан эмес. 3) Бир эле хадис бир нече риваят менен риваят кылынып, алардын кайсынысы туура экендигин аныктоо кыйын болуп калуусу. Мисалы: Жамаат намазына кечигип келген адам, имам намазды бүтүргөн соң намазын кантип окушу керектиги тууралуу бир риваятта: «Толуктагыла» деп айтылса, башка риваятта: «Казасын окусун» деп айтылат. Ушул бир сөздүн айырмасынан эле бул маселеде эки түрдүү көз караш б.а. мазхаб пайда болот. М: Ханафий мазхабы боюнча толуктайт, башка мазхаб боюнча казасын окуйт. Алгач Исламда мазхабтар (юридикалык мектептер) болгон эмес. Алар Ислам укук илими дүркүрөп өнүккөн кезде, (Гриорианский календарь боюнча) 7 – 12 – кылымдарда түзүлө баштаган. Анткени халифат (Пайгамбар негиздеген мамлекет) абдан тездик менен кеңейген, ага жаңы өлкөлөр, маданияттар жана цивилизациялар тартылып киришкен. Илим өсүп – өнүккөн. Турмуш тиричилик көйгөйлөрүнөн баштап, философиялык көйгөйлөргө чейинки улам жаңы көйгөйлөрдү чечүү талап кылынган. Исламдын нормаларын пайдаланууга жаңы ыкмаларды издеп табуу талап кылынган. Ошентип мазхабтар түзүлө баштаган. Суннизмде эң биринчи болуп Ханафий мазхабы пайда болгон. Бул мазхаб анын негиздөөчүсү, Перс улутундагы Имам Абу Ханифанын урматына аталган. Экинчи болуп Маликий мазхабы пайда болгон. Анын негиздөөчүсү Имам Маалик (Абу Ханифанын замандашы). Андан кийин Шаафий мазхабы негизделген. Дүйнөдө Ханафий мазхабынан кийинки эң кеңири таралган мазхаб. Негиздөөчүсү Имам Шаафий (имам Абу Ханифанын шакирттеринин бирөөсүнүн шакирти). Эң соңку Ханбалий мазхабы. Негиздөөчүсү Имам Ахмад бин Ханбал (р.х). Имам Азам Абу Ханифанын мазхабынын пайдубалы эң оболу Иракта түптөлгөн жана Аббасийлердин доорунда Имам Абу Юсуфтун «башкы казы» болуусу менен өлкөнүн башкы фикх мазхабы болуп калган. Бара – бара бул мазхаб бардык тарапка жайыла баштаган. Айрыкча Хурасан менен Маварауннахрда аябай өнүккөн. Бул аймактардан көптөгөн улуу ханафий аалымдары, факкихтери чыккан. Осмон империясы Ханафий мазхабын мамлекеттин расмий мазхабы катары кабыл алганда, бул мазхаб аябагандай зор аймакка жайылат жана мусулмандардын жашаган көптөгөн жерлеринде байыр алат. Азыркы учурда Орто Азия, Татарстан, Индия, Пакистан, Афганистан, Туркия жана башка жерлерде Ханафий мазхабы аябай кеңири таралган. Абу Ханифа алгачкылардан болуп, күнүмдүк жашоо кырдаалга факкихтердин диний түшүндүрмөлөрүнөн да өкүм чыгарууну жолго койгон. Өзгөчө укук маселелеринде салыштырып чечим чыгаруу (кыяс), эки чечимдин жакшысын тандоо (истихсан) усулдарын иштеп чыгып, үрп – адатты (урф) да укук негиздерине киргизген. Имам Абу Ханифа маселелерди чечүүдө төмөнкү булактарды негиздеген: * Кураан; * Сүннөт – хадистерди өтө кылдатттык менен тандаган; * Ижмаа – аалымдардын кайсы бир маселе боюнча Кураан жана Сүннөткө каршы келбеген орток чечими; * Кыяс – кырдаалдын негизин Кураан жана Сүннөттө каралган жана буга чейин берилген өкүмдөрдүн негизине салыштырып чечүү; * Истихсан – кыяска түшпөгөн жана кырдаалга жарашкан өкүмдү тандоо; * Үрп – адат – Кураан жана Сүннөткө каршы келбеген эл арасында колдонулган адат; Андан тышкары бул мазхабта кабыл алынган чечимдер эсинин даражасына жараша төмөнкүдөй тартипте каралат: алгач Абу Ханифа (Нуъман бин Саабит), андан соң Абу Юсуф, анан Мухаммад Ашшайбаний ж.б. Ошондой эле, бир кырдаалга кыяс менен истихсан тең келип калса, мүмкүнчүлүк акыркысына берилет. Кээ бир кайталангыс кырдаалдарда алсыз хадистерди да кароого уруксат берилет. Имам Абу Ханифа (р.х) «Аль – Фикх аль – Акбар» аттуу китебин жазган. Бул китепте Ислам акыйдасы, жалгыз кудайлуулук (таухид), Аллахтын ат – сыпаттары, Кураан, тагдыр ж.б. боюнча кенен маалыматтар камтылган. Бул эмгек негизинен ошол кезде кенен тараган мурижжиттер менен мутазилиттердин көз караштарына зор сокку урган. Дагы атактуу китептери: * Аль – Фикх аль – акбар (Асль ат – Таухид). * Муснад Аби Ханифа – хадистер жыйнагы. * Китаб аль – Алим ва аль – Мутааллим. Ханафий мазхабынын жаралуусунун башаты. Имам Абу Ханифа устазы Хаммад (р.х.) өткөндөн кийин анын ордуна фатва берип, факихий - илимии устаздык кылуу менен бирге болгон. Хижранын 120 жылында – Имам Хаммад ибн Абу Сулайман каза болгон болсо, мына ошол жылы Абу Ханифанын Мазхабынын негизделүүсүнүн жылы болуп, Имам Абу Ханифа 40 жашка толуп баралына келип турган учуруна туура келет. Албетте, Имам Абу Ханифанын мазхабынын негизделүүсүнө анын устаздарынын салымы ченемсиз зор болгондой эле, анын мазхаб – мектебинин сакталып, андан ары өсүп өөрчүсүнө анын шакирттеринин салмагы ат көтөргүс салмактуу да, бараандуу. Тарыхыкты карапкөрсөк, көптөгөн аалымдардын мазхаб - мектептери, алардын шакирттеринин суздугуна, шалаакылыгана жана илимий дараметсиздигине байланыштуу жок болуп кеткендигин баамдайбыз. Мисалы: -Факиих, Мукри Ибну Аби Лейла Мухаммад бин Абдуррохмаан (ө.ж. 147 х.) Кууфа шаарынын муфтийи жана каазысы, -Факиих, Аллама Абдулло бин Шубрума (ө.ж. 147 х.) Кууфанын каазысы, -Мухаддис, Хафиз Шейхул Ислаам, факиих Суфян бин Саъиид бин Масруук Саурии (ө.ж. 161 х.) -Каазы, факиих, Имам,мухаддис Шариик бин Абдуллох Ан Нахаъий (ө.ж. 177 х.), жана башка бир нече аалымдар Имам Абу Ханифа менен өзөнгүлөш илим алып, Имам Абу Ханифа ашса ашып, а бирок кем калбагандары менен алардын мектеп мазхабтары жогорудагы себептен улам редакцияланган таризден сакталып калган эмес. Кудайдын буйругу менен Имам Абу Ханифа эн жогорку факихий даремтке ээ болгон 40тан ашуун шакиртери анын мазхаб – мектебин сактап, андан нары шактап бутактап өсүүсүнө себепчи болушту. Ханафий мазхабынын өсүүсү жана өсүүсүнүн себептери Ханафий мазхабы мусулман журтчулугу тарабынан жакшы маанайда кабыл кылынып, адамдар жактырып, Ислам аймагына кеңири таралды. Аллах Тааланын өзүнүн оомат берүүсү менен, Азирети Имам Абу Ханифага икром иретинде сыйлык берүүсү менен катар бир канча себептер мазхабтын өсүүсүнө себеп болду. Шейх Абу Захра мазхабтын өсүүсүнүн себептерин төмөндөгүдөй баяндайт: 1. Имам Абу Ханифанын шакирттеринин көптүгү жана анын илимий факихий – фикирлерин жайылтууга алардын максаттуу кам көрүүсү. Имам Абу Ханифа пикирлерин кээ бирлерине каршы маанадайгы пакирде болушканы менен, басымдуу маселелерде жалпы тил табылган үчүн дагы анын мазхабы окуучулары тарабынан колдоого татыган. Имам Абу Ханийфа негизден усуулий эрежелердин негизинде факихий мурасты байытууга салым кошушкан. 2. Имам Абу Ханийфанын шакирттеринен кийинки муундагы аалымдар Ханафий мазхабындагы маселелердин келип чыгуу себеп – иллаттарын баяндап, окшош маселелерди жалпылап бир эрежеге (кааида фыкыхия) баш ийдирүү, илимий теорияларды (назарияттарды) калпка салуу боюнча аракеттердин күч алуусу. 3. Ханафий мазхабынын ар түрдүү маданиятты карманган түркүн тайпаларга таралуусу, ар түрдүү үрп – адаттагы жамааттардагы пайда болгон маселелердин түрдүүлүгү жана аларга берилген жооп –фатвалардын молдугу менен да өсүп – өнүүгүгө жол алган. Аббасийлердин убагында өлкөнү расмий мазхабы болуп тургандыгын назарга тутканда да айтылган пикирдин өзөктүүлүгү байкалат. (Абу Захра, Таарихул мазаахибул ислаамийя... 386 –бет, Абу Ханийфа... 496 –бет.) Жогорудан баамдалгандай Абу Ханифанын мазхаб - мектептеринин өсүүсүнө анын шакирттери көп салым кошкон, андыктан алар жөнүндө маалыматтар теманын түшүнүктүү болуусуна өбөлгө түзөт. Алгач имам Абу Ханифанын устаздарынын бир санжырасын айта кетсек ابو حنيفة عن حماد بن ابي سليمان عن ابرهيم النخعي عن علقمة عن عبد الله بن مسعود عن النبي صلى الله عليه و سلم Абу Ханифанын устазы Хаммад бин Абу Сулайман, анын устазы Ибрахим Нахъий, анын устазы Алькома, Алкоманын устазы Абдулло бин Масъуд (р.а). Абдулло бин Масъуд (р.а) улуу, белгилүү сахаба болгон. Хаммад бин Абу Сулайман Муслим Ашъари ал Аннас, Зайид бин Вахб, Саид бин Мусаййаб, Саид бин Жубейр, Шаабий жана башкалардан риваят кылган. Ал эми андан Шуъба, Саурий, Абу Ханифа, Аъмаш жана башкалары риваят кылган. Ажли айтат: Куффалык хадис илимде бекем болгон жана Ибрахим Нахийнин шакирттеринин эң илимдүүсү болгон. Ал 120 – хижрий жылы дүйнөдөн кайткан. Хаммад бин Сулаймандын устазы Ибрахим бин Сувейд Нахъий Куфалык болгон. Ал Асвад бин Язид, Абдурахман бин Язид жана Алкама бин Кайстардан хадис риваят кылган. Ал эми андан Хасан бин Убайдулло, Зубей бин Харис жана Салама бин Кухейлдер риваят кылышкан. Имам Насаи айтат: «Ибрахим Нахъий хадис илиминде ишеништүү аалым болгон». Ибрахим Нахъийдин устазы Алкама бин Мурсид Хазрамий Куфий. Ал Саъад бин Убайда, Зир бин Хубейш, Тарик бин Шихаб жана башкалардан хадистерди риваят кылган, ал эми Алкамадан Шуъба, Саврий, Мусъир, Масъудий, Абу Ханифа жана башка көптөгөн мухадистер риваят кылышкан. Имам Насаий айтат: «Алкама (р.х) хадис илиминде ишеништүү аалым болгон». Жана ал Халид Касрий Иракка башчы болуп турган заманда дүйнөдөн кайткан. Алкаманын устазы Абдулло бин Масъуд (р.а) факих сахабалардан болчу. Имам Абу Ханийфанын көрүнүктүү шакирттери: Абу Ханийфадан көптөгөн шакирттер билим алышкан. Албетте андан маселе уккандардын саны миңдеп саналат, а бирок илим талап кылып, илимге баш байлап окугандардын саны жети жүзгө чукулдап калгандыгын айтышат. Алардын арасынан фыкх илимине салым кошуп китеп жазгандары, мужтахид даражасына жетип калгандарынан кырк адамды баса белгилешкен. Ал кырктын ичинде да өзгөчө оорунга ээ болуп, мазхабтын өсүүсүнө жана таралуусуна бараандуу салым кошкон төрт окуучу – шакирти фыкх тарыхында маанилүү даражага ээ. 1. Абу Юсуф Яъкууб (Жакып) бин Иброхиим бин Хабиб Ансарий. Хижранын 113 – жылы туулуп, 182 – жылы 69 жашында каза болгон. (Саймарий 98 - 108, Манаакиб Маккий 465 – 466, Захабий 57 – 58) Адегенде илим алууну Кууфанын каазысы Ибну Аби Лейлада баштап, андан кийин Абу Ханийфада илим алууну уланткан. Аалымдар арасында «Абу Юсуф болгондо Абу Ханийфанында, Ибну Абу Лейланын ысымдары эстелген эмес, анткени ал экөөнүн таратып, экөөнүн сөздөрүн кийинки муунга жеткирген.» - деген кеп бекеринен айтылбаган эместир. (Саймарий 99, Манаакиб кардарий 394) Абу Юсуф жакыр үй – бүлөдөн болгондугуна байланыштуу атасынын тирикчилик иштерине көмөк көрсөтүү үчүн фыкх жана хадис илимдерин окууда суздашып кетет. Анын байкаган Абу Ханийфа Абу Юсуфка жете турган каражатты өзүнүн жанынан бөлуүп керип, жыйынтыгында Абу Ханийфанын сабактарын калтырбастан окуй турган болот. Натыйжада студенттерге эң алгачкы стипендияны негиздөөчү Абу Ханийфа болуп чыгат. Абу Юсуф айтат: «Абу Ханийфаны 17 жыл эрчип илим алдым, орозо айтта, Курбан айттада аны менен бирге болуп аны менен эргештим. Ооруп эле калган күндөрүм болбосо ар дайым устазым Абу Ханийфа менен бирге элем». (Саймарий 100, Манаакиб Макки 469) Абу Юсуф илим алууда Абу Ханийфа менен гана чектелип калган эмес. Мисалга алсак Абу Ханийфадан сабак алып жүргөн жылдары бир нече айга сабактарын токтотуп, Магазий китебинин автору Мухаммад бин Исхактан хадис жана башка тарыхтан сабак алган. Ошондой эле Аъмаш Сулайман бин Михраандан (ө.ж. 148 х.) Саурииден, Ал Хасан бин Саалихтен, Мааликтен, Лейс бмн Саъдтан, Шуъба бин Ал Хажжаждан илим алган. Хилаан бин Яхяа айтат: «Абу Юсуф тафсирди, хадисти, арабтын тарыхын, сийраны билер эле. Фыкх аны билген илимдеринин эң азы эле...» (Манаакиб Баккий 467 – 488 Саймарий 99 – 102) Абу Юсуф каазылык кызматты аркалаган. Ислам тарыхындагы «Каазылардын каазысы» деп эң алгачкы наамды алган инсан. Үч падышанын доорунда т.а. Махдийдин доорунда бир азыраак, Хаадийдин жана Машийтин убактысында башкы казылакты жетектеген. Айрыкча халийфа Раашид Абу Юсуфту өтө ардактап, урматын ордуна койгон.(Интикаа 173) Абу Юсуфтун илимдеги ишеништүү (сиккаттардан) экендигин Яхяа бин Маъиин, Ахмад бин Ханбал, Али бин Мадиний сыяктуу көптөгөн аалымдар белгилешкен. Айта кете турган маанилүү сөз жогорудагы үч аалым тең хадис илиминдеги теңдешсиз алым имам Бухарийдин устаздары болуп эсептелет. (Манаакииб Макки 467) Абу Юсуфтан көптөгөн аалымдар сабак алышкан. Мисалы: -Каазы Иброжи Жаррох Маазиний, -Имам Бишр бин Валид, -Имам Мухаммад бин Саммаъа Тамиймий -Имам Яхяа Маъиин (Бухарийдин устазы)ғ -Имам Ахмад бин Ханбал (Бухарийдин устазы) -Имам Али бин Мадиний (Бухарийдин устазы) -Имам Вакиъ бин Жаррох (Шафийдин устазы) -Имам Асад бин Фуроат (Имам Сахнундан мурдан Имам Мааликтин мазхабынын кагазга түшүргөн инсан) -Каазы Юсуф (өзүнүн уулу, Абу Юсуфтун « Асаар» китебинин риваят кылуучу) -Имам Исмаъил бин Хаммад Абу Ханифа (Абу Ханифанын небереси) -Имам Мухаммад бин Хасан (Шейбани шакиртеринин эң даражалуусу.) (Каусурий, Хуснуд Такаадий...24 – 27. «Имам Шафии Абу Юсуфтан ИмамМухаммад бин Хасан Шейбааний аркылуу риваят кылган», - деп белгилейт Имам Кайсарий) Имам Маалик менен Халифа Рошиид менен чогуу ажылык кылган жылы Имам Маалик менен чогуу мажлисте болгон. Имам Мухаммад бин Хасан сыяктуу Имам Мааликтен сабак алган эмес. Бирок Имам Мааликтен башка көптөгөн мухаддистерден хадис илимин алган. Мааликтин мазхабы менен Абу Ханийфанын мазхабтарын салыштырган (мукаарам). Алгач аалым болгон. (Мухаммад Фаузий, Мазахииб фыкхия 47) Ханафий мазхабынын жайылуусуна Абу Юсуфтун тиййген таасири эки маселеде таасын жарык болот: -Абу Юсуф 166 жылдан баштап деерлик 16 жыл бою башкы каазылыкты аракалаган учурунда Ханафий мазхабты кармангандарды гана кызматта койгон. Фатва берүүдөгү башаламандыкты жөнгө салуу, мыйзамдын бирдейлигин жана каазылардын чечимдеринин бир булакка таянуусун камсыздоо максатында ушундай кылдуу кадамдарга бут койгон. -Абу Ханийфанын мазхабынын усуул эрежелерин кагазга түшүрүп, негиздеп, ааламага тараткан.(Абу Захра, 221.) Илимий булактарда Абу Юсуфка таандык көп эмгектер айтылып жүрөт. Бизге жетип келген китептери төмөнкулөр: -«Аасаар» китеби. Фыкхий далилдерди камтып, көпчүлүк маалыматтарын Абу Ханийфадан риваят кылат, -«Ихтилаафу Абу Лейла ва Абу Ханийфа» китеби. Абу Лейла менен Абу Ханийфанын мазхабтарын салыштырууга арналган эмгек, -«Ар роду ъалаа сийарилАузааъий» китеби, -«Ар Харааж» китеби, Халийфа Хааруун Рашиидке арналган экономика, финансы маселелерин камтыган эмгек. (Хуснут Такаадий...,38) Мухаммад бин Хасан Шейбааний Мухаммад бин Хасан бин Фаркад Абу Абдилла Маулаа бани Хаашим 132 – хижрада Вааси шаарында туулуп, Кууфада өскөн. Тупкулугу Сириянын аймактарынан болот. Хижранын 189 жылы 58 жашында каза болгон.(Кардарий 437, Захабий 79) Хадис илимин Мусъирден, Имам Саурийден, Имам Абу Ханийфадан, Имам Юсуфтан кийинчерээк Имам Мааликтен алган.Шамдын факхчысы Аузааъийден да илим алган. Абу Ханийфаны мулаазама (узак убакытка чейин дарс алуу) кылган.(Захабий 79, Манаакиб Кардарий 419 – 420) Имам Мухаммад инсанга тиешелүү тилегейи тегиздик менен белгилүү болуп, хадисти риваят кылууда, факхий пикирлерин билдируудө, арам менен адалдын түрдүү илимдеринде китеп жазууда жогорку даражага ээлик кылган. Араб тили, грамматика, эсеп илимдеринде өзгөчө орунга татыктуу болгон. (Саймарий 125, Захабий 74) 20 жашында Куфанын мечитинде сабак берип баштаган.(Лакнавий, Ан Нафиъул Кабир 37, Кардарий 422) Падыша Рашиид Абу Юсуфтун сунушу менен Рикканын казылыкка бекиткен. Имам Мухаммадтын каршылыгына карабай болгон ушул иштен улам Абу Юсуф менен Абу Мухаммадтын ортосунда узакка созулган пикир келишпестик пайда болгон. (Саймарий 130-133, Захабий 88, Кардарий 437) Имам Мухаммадтан сабак алган белгилүүлөрү: -Имам Шафий, -Имам Абу Убейд Ал Касим бин Салам, - -Имам Хишаам бин Абдиллах Ар Розии, -Имам, мухаддис, хаафиз Яхяа бин Маъийн, -Имам Мухаммад бин Саммаъа, -Имам Яхяа бин Саалих, -Имам Ахмад бин Ханбал китептеринен пайдаланган. (Захабий 174) Имам Мухаммад Ханафий мазхабын өзүнүн китептерин аркылуу кийинки муунга жеткирген инсан. Анын эмгектерин эки даражага бөлүп караганга болот: -«Заахирул Ривая» - деп наамдалган китептер. «Ал Асл», «Ал Жаамиус Сагиир», «Ал Жаамиул Кабиир», «Ас Сиярус Согиир», «Ас Сиярул Кабиир», «Аз Зияадат». Ошондой эле бул топко «Ал Аасса», «Ал Хужжату ъалаа Ахли Мадиина », «Маликтин Муваттасынын риваяты» кошууп кетет. -«Гойру Заахирил Ривая» - деп наамдалган китептер: «Ал Кийсааният», «Ар Хааруният», «Ал Журжаният», «Ал Рикаят», «Зияадатуз Зияадаат». Мына ушул китептер Ханафий мазхабынын негизи булактары болуп саналып, андан кийинки аалымдар ушул китептерге комментарий (шарх) жазып, же башка түрдөгү илимий кызматтар менен мазхабты өстүрүүгө салым кошушкан. (Абу Захра 234 – 235) Зуфар бин Ал Хузейли Абу Хузейли Зуфар бин Ал Хузейли Ал Анбарий, Ат Тамийми. Хижранын 110 жылы туулуп, 158 жылы 48 жашында дүйнөдөн узаган. (Таажут Таражуми 28, Саймарий 112, Ат Табакаат Саниа 3/254, Ал Фавааид Ал Бахияа 75) Адегенде хадис илими менен алек болуп, андан соң Абу Ханийфа мулаазама кылган. Абу Ханийфадан кийин анын ордун басып, АбуЮсуф имам Зуфар өткөндөн кийин анын ордуна олтуруп, акырында ал орунга Имам Мухаммад татыктуу болгон. Өтө такыба, толо акылдуу, хадисте жогорку баа берилген сикат (ишеничтүү) окумуштуу болгон. Устаздары: -Имам Абу Ханийфаны бул кишини 20 жыл ээрчип илимин алган, -Имам Сулайман бин Михраан Ал Аъмааш, -Имам Яхяа бин Саъид Ал Ансарий, -Имам Мухаммад бин Исхаак, «Магазий» китебинин автору, -Яхяа бин Абдиллах Ат Таймий, ж.б. Шакиртери: -Имам Абдуллох бин Мубаарак, -Имам Мухаммад бин Хасан, -Имам Вакиъ бин Жарраах (Шаафийдин устазы), -Имам, мухаддис Суфян бин Уяйна, -Имам Хилал бин Яхяа (Хилаал Ар Раъй), -Ал Хасан бин Зияд Ал Луълуий, ж.б. (Ламаахатун Назари 14 – 16) Имам Зуфардан китеп алган эмес. Саймарийдин айтымында ал китеп жазууга бошогон эмес, маалыматынын баарын эсинде сактап жургөн ченебеген жаттоо кудуретине ээ болгон. Ал Хасан бин Зияд Луълий Кууфий, маулал Ансаари, хижранын 204 – жылы каза тапкан. (Таажут Тараажуми 22, Ал Фавааидул Бахия 61) «Ал Мужаррад», «Ал Амаалий» китептеринин автору, жана башка китептерди жазган деп да айтылат. Ханафий мазхабынын өзгөчөлүктөрү (сырткы белгилери) 1) Негизинен бардыгыбызга маалым болгондой эле, Ахлус сунна вал жамааъах ишенимине туура келген акыйда маселелери, тактап айтсак: а) Абу Бакр жана Умар (р.а) мусулмандардын эң абзели деп билүү, б) Усман жана Али (р.а) сыйлоо, в) Кааба менен Байтул Мукаддасты урматтоо, г) Такыба мусулмандын да, күнөөкөр мусулмандын да жаназасын окуу, д) Такыба имамдын да, күнөөкөр имамдын да артынан намазды дурус деп билүү, е) Адилеттүү падышага да, адилетсиз падышага да баш ийүү, аларга каршы чыкпоо, ж) Маасыга масх тартуу, з) Жакшылык жана жамандык Аллахтан деп билүү, и) Пайгамбарлар жана бейишке сүйүнүч берилген он сахабадан башка мусулманга «Бул бейиштик», же «Бул тозоктук» деп күбөлүк берүүдөн сактануу, к) Намазды да, зекетти да бирдей парз деп билүү. 2) Намаз окуп жаткан учурда, Имам «Ва лаз зооллиин» дегенден кийин, «Аамиин» деп купуя (ичинен) айтуу 3) Намазда турган учурда Имамдын аркасынан, кайталап кыраат кылбоо 4) Намазда «Такбир улуаа» (биринчи такбир) ден башка такбирлерде колду көтөрбөө 5) Кыям учурунда колду киндиктин астына байлоо 6) Рамазан айында окула турган таравих намазын, 20 (жыйырма) рекет кылып окуу 7) Витр намазынын ваажиб экендиги жана 3 (үч) рекет болуп окулуусу 8) Орозо айт жана Курман айт күнү окула турган айт намаздарынын ваажиб экендиги 9) Мурутту кыскартып, сакалды коуй жана сакалды төрт элиден ашкандан кийин тегиздеп кыскартуу ж.б.у.с
Дагы...